Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда жер тилекелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө шектелген аткаминерлер кармалышты

УКМК Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү жана сатуу фактысын аныктады.

Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А., айыл аймагынын мурдагы башчысы А.А. жана Базар-Коргон райондук архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А. кармалды.

Аталган адамдар алдын ала макулдашып алып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү үчүн аймакты мыйзамсыз кеңейтүү менен башкы планды бекиткени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамсыз иштер тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында тургундар тарабынан айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан