Бурулайга бычак сайган жигит Бишкектеги СИЗО-1ге которулду
Бурулайга, андан соң өзүнө бычак сайган М.Б. Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, М.Б. кечээ, 12-июнь күнү түштөн кийин которулган. Учурда тергөө иштери жүрүп баштаганын билдирди маалымат катчы.
Эскерте кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан кызын бычактап, андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми кызга жана өзүнө бычак сайган М.Б. аттуу жаран Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.