Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум улантылды
Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум бүгүн, 22-ноябрда Свердлов райондук сотунда уланды.
Соттук отурумда Жайыл РИИБинин үч кызматкери суралды. Алар Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Сабыров Гүлчоро, опер кызматкери Айбек Ормокеев жана РИИБде айдоочу болуп иштеген Рахат Эсенбаев нөөмөт бөлүмүндө иштеген кызматкер Нурбек Эсенгулов суралды.
Соттук отурумда судья мындан ары соттук отурумдун аралыгы узак убакытка созулбай, кыска аралыкта иш каралып бүтүш керектигин айтты.
Ал эми кийинки отурум, эртең 23-ноябрда саат 10:00гө коюлду.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.
Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.