Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум өтүүдө

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурумду баштады. Айыпталуучуларды сот залына алып келишти. Алар кызды ала качкан жигит Марс Бөдөшов жана анын жанындагы досу Акмат Сеитов. Учурда сот жараяндын катышуучулары менен тааныштырып отурумду баштады.

Буга чейин шектүү Марс Бөдөшовго карата козголгон кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум 5-сентябрь күнү Жайыл райондук сотунда өтүп, эки тараптын өтүнүчү менен иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан