Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай көзү тирүү болгондо эртең 20 жашка толмок. Анын көрүстөнүнө эстелик коюлду

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызы көзү тирүү болгондо эртең 20 жашка толмок. Ал 1998-жылы 11-августта туулган эле. Бүгүн анын көрүстөнүнө эстелик коюлуп, туугандары, мугалимдери жана классташтары эскеришти.

"Бурулай эч кимге зыяны тийбеген жоош, момун кыз болчу. Сабактарды да эң мыкты деген баага окучу. Анын арабыздан кетиши биз үчүн аябай күтүлбөгөн окуя болду. Дагы деле анын жок экенине ишене албай келебиз", - деп эскерет Бурулайдын классташы.

Атасы Турдали Кожоналиев көзүнө жаш алып "эртең анын туулган күнү. Ошого байланыштуу бүгүн туугандар чогулуп үйгө куран окутуп, коюлган жерине эстелигин коёлу дегенбиз. Арабызда жаркылдап-жайнап жүрсө болмок" деп көзүнө жаш алды.

Мындан сырткары тергөө иштеринин жүрүшүнө токтолуп, күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын албай жаткандыгын айтты.

"Тергөө иштери дээрлик соңуна чыгып калды. Акыйкаттык жок. Кызымдын өлүмүнө жол ачып берген милиция кызматкерлерине карата бир гана "шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылганы турат. Алардын баары эркиндикте жүрөт. Шалаакылык эмес, алар кылмышка катыштыгы бар адамдар катары дагы берене кошулушу керек эле. Мен тергөөнүн жүрүшүнө нааразымын. Экинчи жолу экспертизага бердим эле, жыйынтыгын мурдагыдай эле, болгону убактыларын, күндөрүн алмаштырып чыгарып беришти. Буга мен ишенбейм", - деди Турдали Кожоналиев.


кошулду
Бурулайдын өлүмү. Туулган күнгө белек ордуна күмбөз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bek.94
2018-08-10 15:52:41
Жаткан жери бейиштин бакчаларынан бир бакча болсун дуба кылабыз
+10
bond02
2018-08-10 15:55:50
Бир жылдан кийин койчу эле го эстеликти.
-4
Chungyz
2018-08-10 16:14:29
Боло берет качан болсо
+1
Ermekbai
2018-08-10 16:40:41
Chungyz,негизи койбогону жакшы
+1
Bekturbek
2018-08-10 17:10:55
Эстеликке сүрөтүн койбогону жакшы эле.
+5
AKCAHAT
2018-08-10 18:04:53
Эмнеге аттуу баштуу аялдар бул окуя боюнча ун катышпайт. Роза Отунбаева, Ассоль Молдокаматова сыяктуу лидер айымдар сот иштерине протест уюштурушпайт. Бурулайдын олуму кыргыз эркектеринин кыргыз аялдарына болгон ырайымсыздыгынын символу. Аны эркектердин тобу олумго жеткирди
+6
Chagylgan2
2018-08-10 18:23:10
AKCAHAT, эмне деп жазганын?!! Жалпы эркектерди куноологондон уялсан болбойбу?!! Озундун куйоон жакшы элеби, Бурулайдын шылтоосу менен эркек затына таш ыргытып калыпсын?!!

Ала качуу салт эмес го, бирок ала качкандардын баары эле ажырашып же кордук коруп жашап жаткан жери жок. Ошол куйоосу ала качып уйлонгон аялдардын жарымы бугун бактылуу эле жашап жатат, табыштырган тагдырына рахматын айтып...

Куйушуп-суйушуп тийгендер ажырашпай жатышыптырбы?! Адарда да бул койгой бар.
+5
Chagylgan2
2018-08-10 18:26:57
AKCAHAT, Эркек аялга ала качып уйлонобу же куйушуп-суйушуп жолугушуп журуп уйлонобу, турмуш курушкан сон калганы тагдыр. Анан калса турмушту алып кетуу же ажырашуу да ошол 2 жаштын оздорунон коз каранды...

Баса, Отунбаеваны айтасын. Отунбаева 2010-жылы "Убактылуу Окмоттун" жетекчиси катары, Ош окуясынын келип чыгышына, анын акыбетинде жуздогон адамдар каза болуп, андан кобу майып болуп калганына жоопкерчилик алат болду бекен, ошол суроого жооп берсинчи абжен?!!
+3
aisu12345
2018-08-10 19:51:30
Супер инфо неге баладан интервью албсйсынар башка маалда болбогон кабарларды жиберип жадатасынар
Неге ушул баладан интеивю алынбайт
+9
Nanei
2018-08-11 08:13:21
aisu12345,ал бала тордун артында жатат,ыссык колдо эс алып жаткан жок чуркап барып интервью ала койгондой. Журналистти киргизе коймок беле. Неужели ушундай майда Барат нерсени тушунбойсунор??? Ужас
0
jalguzum
2018-08-10 20:45:38
Баладан, ата энесинен, тууган уругунан интервью алгылачы супер
+6
admin_media
2018-08-13 15:30:25
jalguzum,aisu12345, сунушуңар тиешелүү бөлүмгө жеткирилген, рахмат.
0
Eli.91
2018-08-10 22:12:32
Бурулай Жанын Жаннатын гулбакчаларында болсун,Аллахым сенин Бейишини берсин,Кудайым куноолуулорду жазасыз койбойт,Инш Аллах чыныгы дуйнодо жазасын алат,аттиганат эстелик Бекер коюпсунар?кызды коп кыйнадынар эле!Эми тынч жатуусуна жол бербепсинерда!мейли Эми Бейишин берсин Аллахым ушундан башка айлабыз жок.
+1
Nanei
2018-08-11 08:00:31
Ата энесине эле кыйын болду. Ыйлагын келет экен окуп алып
0
admin_media
2018-08-13 15:48:40
Chagylgan2, колдонуучунун жекелигине тийишип, мазактоого жол берилбейт. Темадан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан