Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас абалындагы айдоочу жеке мектептин күзөт бөлмөсүн сүздү (видео)

Кечээ, 15-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Бишкекте мас абалындагы айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Т.Б. аттуу айдоочу Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу чыгышты көздөй бара жатып, Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден рулду башкара албай калган. Натыйжада жеке мектептин күзөт бөлмөсүн жана тосмосун сүздү.

"Жол кырсыгынын кесепетинен материалдык зыян келтирилген. Жабыркагандар жок",- деп кошумчаланды маалыматта.

Бишкекте мас абалындагы айдоочу жеке мектептин күзөт бөлмөсүн сүздү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан