Биз социалдык тармакта

Ырчы Нурчолпон "Алас" аттуу жаңы ырын чыгарып, талкууга жем таштады (видео)

Ырчы Нурчолпон "Алас" аттуу жаңы ырын чыгарды. Бул тууралуу ал кечээ, 15-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, чыгарма жеке эскерүүлөрүнө жана үй-бүлөлүк салтына байланыштуу жаралды.

"Апам үйдө дайыма арча түтөтүп, аластап турат. Бул көрүнүш менин жан дүйнөмдө терең из калтырган. Чоңойгон сайын мен да бул салтты мурастап алдым. Бул чыгарма аркылуу кыргыз элинин байыркы аластоо жөрөлгөсүн заманбап электрондук музыка менен айкалыштыргым келди",- деп жазды ал.

Коомчулук анын бул чыгармасына түрдүү пикирлерди жазышууда.

Белгилей кетсек, ырчы буга чейин "Land of Manas" аттуу ырын чыгарып, ал да коомчулукта талкуу жараткан. Ал тургай "Манас" театры да бул ыр тууралуу билдирүү тараткан.

Ырчы Нурчолпон "Алас" аттуу жаңы ырын чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан