Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Түп - Кенен унаа жолунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдо кар күрткүсүнө тыгылып, кыймылын уланта албай калган унаалардын айдоочуларына кызматкерлер жеринде жардам көрсөтүшүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган аймакта кар калыңдаганы маалымдалган.