Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 "Тез жардам" унаасынын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөт башчы президенттин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар өлкө экономикасынын өсүшүн жана масштабдуу социалдык милдеттерди ишке ашырууга негиз түзүп жатканын белгиледи.
"Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы 26 миллиард сомдон 2026-жылы 73,1 миллиард сомго чейин көбөйдү. Ошентип, каржылоонун көлөмү дээрлик 2,8 эсеге өстү",- деди Адылбек Касымалиев.
Жаңы унаалар жасалма дем алдыруучу аппараттар, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүү тутумдары жана башка керектүү шаймандар менен жабдылган. Ошондой эле алар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө багытталганы айтылды.