Ырыскелди Тыныбеков Дүйнө чемпиондугундагы эң кызыктуу беттеш болгон Орусия-Хорватия оюнунда топ алып чыкты

Ырыскельди Тыныбеков Дүйнө чемпиондугундагы эң кызыктуу беттеш болгон Орусия-Хорватия оюнунда топ алып чыкты.

7-июлдан 8-июлга караган түнү элдин бүйүрүн кызытып, уйкусун качырган Орусия-Хорватия беттеши орун алды. Оюндун ачылышында жаш футболчу Ырыскелди Тыныбеков футбол тарыхындагы эң мыкты чейрек финалдык оюндардын бири болгон беттешке топту алып чыкты.

14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков футбол федерациясынын долбоорунда жеңүүчү аталып, топту оюн талаасына алып чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Долбоордун алкагында ал 31 катышуучу менен футбол, англис тили жана башка чеберчиликтеринде күч сынашкан.

Айта кетсек, кыл чайнашкан беттеште пенальтилер сериясында Хорватия улуттук курама командасы 4:3 эсеп санында жеңишке жетип жарым финалга аттанса, Орусия улуттук курама командасы Дүйнө биринчилигинен четтеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
dinar-87
2018-07-08 09:44:37
Аябай суйундум алып чыканына буйрса киийнки олимпиадага биздикилер да катышып калат деген Умут менен отурам.
+7
almanbetperm
2018-07-08 10:39:53
dinar-87,олимпиадага катышып эле келет кыргыздар
+1
Dembele84
2018-07-08 10:57:13
almanbetperm,футбол боюнча олимпиадага эч качан катышкан эмес Кыргызстан!
+2
Dembele84
2018-07-08 10:56:15
dinar-87,Бул жерде ЧМ 2018 футбол жонундо соз болуп жатса олимпиаданы ортого тыгып журосун го,же экоо бирдейби сага?
+6
dinar-87
2018-07-08 12:44:37
Dembele84,ЧМны айтип атамда Бир соз кичине башкача жазылса чукушка таяр болуп турасынар а.Ч м жонундо соз болуп жаткандан кийин ошо жонундо жазамда .
-3
Dembele84
2018-07-08 12:50:53
dinar-87,Анан неге олимпиада деп журосун,ЧМ 2018 ди айтып жатсан?
-3
Nibiru.
2018-07-08 15:45:55
dinar-87,кыргызстан эч качан дуйнолук оюнга футболдон катыша албайт. Болбогон соз. Бизге футболдун деле кереги жок. Жон эле журсок жакшы болмок. Калп эле акча коротпой.
-7
Miroslav
2018-07-08 09:45:55
Азамасын,сен биринчи жолу чемпионат болуп жаткан футбол талаага кадам баскан кыргыз болдун.Бахадыр Кочкаровду эсепке албаганда.
+13
Nanei
2018-07-08 10:12:39
Жакшы кабар уксан ушинтип суйунуп калат экегсин,тобон кокко жетип. Бактылуу бол ,чооон жигит бол!
+6
Jin1209
2018-07-08 10:17:59
Кандай бактылуу жигитсин келечегин кел болсун!
+4
Pchelka85
2018-07-08 10:28:51
Иии Ананайын... келечегин кен болсун!!!!
+2
senchi
2018-07-08 10:38:33
Жакшы кабар азаматсын
+2
egiz-jigit
2018-07-08 11:11:01
Жакшы азыр топ алып чыксан эмм ошондой чон футболто тооп тээп КР желегин желбирет ийгилик сага
+6
Meni_unut
2018-07-08 11:27:19
Бул жакта мен толкунданып кеттим коруп...Молодец
+3
bond02
2018-07-08 11:29:38
Калпакты чечип коюп анан краскалана бербейсинби.
-9
Dembele84
2018-07-08 12:20:57
bond02,Кыргыз жигити калпак кийип,бетине кыргыз жана россияны бириктирген желектерин тартыптыр,мунун эмне жаманчылыгы бар?жумурткадан кыр издей бербегилечи!
+4
Momyn12
2018-07-08 11:38:02
кыргыздар ЧМ ге катышышка акча жетпейт екен акчанын баары еле депутаттардын чонтогунон ашпайт жеп журобергиле
+2
Modric10
2018-07-08 11:58:33
бармактай инибизге жакшы тилектерди каалап койолучу туугандар.буйруса эми Эрбол инибиз дагы эль классикодо топ алып чыксын
+4
demo009
2018-07-09 02:45:54
Кечээтен бери видеосун таппай атам
0
kolyn
2018-07-09 21:18:57
Кудай кааласа Кыргызстанда футбол боюнча дунуйөлук чемпионатка чыгат.Панама биринчи жолу чыктыго.Жакшы тилек кыла берели бизден кийин небере,чебере... чыгар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан