Эркиндикти сүйгөн, өзүнө ишенген, баарлашууну жана калыстыкты жактырган сапат бул күнү төрөлгөндөргө тиешелүү. Мүнөзү жайдары жана түшүнүктүү болгону менен, олуттуу жактары да бар: көп иштейт, чыгармачыл, дымактуу, байкагыч жана маселени чечүүдө талапты коё билишет. Сырткы келбетине да өзгөчө басым жасашат.
Жигердүүлүк жана активдүүлүк бул адамдарды өзгөчөлөнтүп турат жана мындай мүнөзү менен көпчүлүктүн арасында мактоого арзышат.
Сүйүү жаатында көп адамга ачыла беришпейт. Анын ишенимине ээ болуу үчүн көп убакыт керектелет. Эркиндикти сүйгөн бул адамдар үй-бүлө курууга шашылышпайт.
Бүт даражадагы "Даңк" медалынын кавалери, Ата мекендик согуштун катышуучусу Хусаин Исманов, орус филологу Дмитрий Ушаков, америкалык ырчы Нил Даймонд, түштүк кореялык актёр Сон Чхан Ый жана Голливуд актрисасы Миша Бартон ушул күнү төрөлгөн атактуулардан.