Астротөлгө: 17-июль күнү төрөлгөн адамдар сүйүүгө туруктуу болушабы?

17-июль күнү төрөлгөн адамдар сыртынан күчтүү, таасирдүү адам көрүнгөнү менен ичинен назик адамдар болушат. Алар өзүнө таандык олуттуу, практикалуу жана баалуулугу менен ийгиликке жетүүнү эңсейт. Бул күнү төрөлгөн адамдардын жини чукул болот. Бирок алар өзүнүн жини качан келерин сезип ошол учурда ачууга алдырбай, өзүн карманганды билишет.

Бул күнү төрөлгөн адамдар өзүнүн кесиби менен иштесе адашпайт. Анткени булардан мыкты, кесипкөй адис чыгат. Булар абдан талантка бай болушат. Андыктан ушул күнү жарыкка келген бөйөндөрдөн эң мыкты искусствонун чеберлери чыгат десек да жаңылышпайбыз.

Бул күнү жарыкка келген адамдар бир адам менен олуттуу мамиле курмайынча, курулай убада берүүдөн алыс болушат. Андыктан булар бир адам узак убакытка чейин туруктуу мамиле курууну жактырышат. Эгерде бул күнү төрөлгөн бөйөндөр өнөктөшүнө ишеним артпаса, ортодо кызганычтын айынан пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан