7-апрель күнү төрөлгөн адамдар энергиясы күчтүү, айтканынан кайтпаган өжөр, тырышчаак болушат. Булар алдына койгон максатына тырышчаактыгы менен жетишет. Ошондой эле энергиясын пайдасыз нерсеге жумшоодон алыс болушат. Ар бир жасаган ишинин өтөөсүнө чыгып, ийгилик жаратмайынча жаны тынбайт.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе өнөктөшүнө абдан берилүү менен мамиле кылышат. Алар карьерасынан дагы үй-бүлөсүн башкы орунга коюшат. Өзүнүн сүйүктүүсү менен тынч жашоону каалашат. Абдан боорукер, камкор болгондуктан жакын адамдарынан жардамын аябайт.