Астротөлгө: 10-июль күнү тамакты тандабай жегендер төрөлөбү?

Бул күнү туулган күнүн белгилеп жаткандар башкалардан айырмаланып кайраттуу, ачуусу чукул жана чыдамы жок болушат. Пландаган иштери бүтпөй жатса өзгөлөрдү да шаштырып, кошо бүтүрүүгө мажбурлайт.

Алар тамактын түрүн тандабайт, конок тосордо гана дасторконду толтуруу менен бирге айрым даамдарды даярдоону үйрөнүп коёт.

Табияттан эң сонун таланттар, адамзаттык мыкты сапаттар: кайраттуулук, активдүүлүк, эркиндик жана эмгекчилдик мына ушул күнү төрөлгөндөргө таандык.

Бирок аларга карама-каршылыктуу, өзгөрүлмө мүнөз да берилген. Кээде өзүнүн көп жылдык жеңиштери да бир заматта маанисин жоготуп, башка чөйрөнү тандап кетишет.

Жөнөкөй болгону менен бардык адамдарды өзүнө жакын жолото бербейт. Ийгиликтерин мактанып отурбай көмүскөдө калууну жактырат. Ошентсе да карьералык тепкичтен көтөрүлүү керек болсо, өзүн колго алып, мыкты ишкер экендигин көрсөтө алат.

Алар дайыма эле өз ойлору менен бөлүшө беришпейт, бирок орчундуу маселе тууралуу сөз болуп жатса пикирин сылык түрдө билдирүү менен чектелишет.

Бала сыяктуу кыялданып, жашоодо көп нерсени келечектен күтүп жашайт. Анткен менен жомоктогу жакшы каарман сыяктуу өз кыялдарын башкалардын бактысы үчүн курмандыкка чалышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-10 03:28:37
Гороскоп бул шарлатан! Астротөлгөгө ишенген бул адашкандык.Кээ бир жери туура келсе ишенип алышат! Эртең эмне болоорун сен билбейсиң.Биз кандай адам болоорубуз Ата-Энебиздин тарбиясынан ким эмне болоорун бир гана Жараткан билет болгону жакшылыкка гана аракет кылышыбыз керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан