Бул күнү төрөлгөндөр боорукер жана гумандуу келишет. Жакындарынын, өзүнүн укугун эч кимге тебелетпейт. Туура деген оюнан, идеясынан баш тартпайт жана ал үчүн аягына чейин күрөшүшөт. Жумуштун көптүгү же оордугу маселе эмес, кандай кырдаал болбосун жол таап чыгып кете алышат. Ак көңүл, адамгерчиликтүү, ошондой эле энергиялуу болушат. Кылып жаткан жумушун жогорку деңгээлде жасоого умтулушат жана анын аракетине жараша жогору бааланышын каалашат.
Мүнөзү эле эмес, көбүнчө колу да жеңил келет, башкача айтканда, бул адамдарды жашоодо ийгилик коштоп жүрөт. Сезимтал жана жөнөкөй сапаты сүйүү жаатында да ийгилик жарата алат.
Бул күнү төрөлгөн атактуулардын арасында экс-депутат Талантбек Узакбаев, австриялык композитор Вольвганг Амадей Моцарт, америкалык актриса Бриджит Жейн Фонда, орусиялык ырчы Елена Ваенга жана орусиялык теннисчи Марат Сафин бар.