"Бычактан жаракат алган Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевдин абалы канааттандырарлык", - деп бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сарчаев кечээ, 17-июлда Бишкек шаарынын ооруканаларынын бирине түшүп, ага операция жасалган.
Айта кетсек, кечээ саат 19:00 чамасында Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып Чүй облустук ооруканасына жеткирилгенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан Бурулайга бычак сайып, ал жаракатынан улам көз жумган. Бул окуядан кийин Нурлан Сарчаев кызматтан алынган.