Ысык-Көл ОИИБи журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча атайын билдирүү жасады.
"Айрым адамдар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп жатышабы, айтор социалдык тармактарда Уланбек Эгизбаевдин өлүмүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып, атайын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө жалган маалыматтарды таратышууда. Ушундан улам коомчулугубузду чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакыруу менен, окуянын кандай болгондугу жөнүндө билдирүү жасадык", - деди басма сөз катчы.
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын "Тез жардам" бѳлүмүнѳн “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып, азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы адам кѳлгѳ чѳгүп каза болгондугун билдирген. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Кѳл РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган.
"Ыкчам тергөө тобу 22-июль күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 28 жаштагы “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып чѳгүп каза болгондугу аныкталган. Маркум жубайы Сапаргүл Абдинабиева экѳѳ 19-июлдан 22-июлга чейин эс алып жүрүшкөн. Кырсык болгон күнү болжол менен саат 11:00 чамасында ижарага алган бѳлмѳсүнүн ачкычын администраторго тапшырып, Бишкек шаарына чыгар алдында журналист дагы бир жолу көлгө түшүү үчүн барган. Кара-Ой айылынын тургундары 10 жаштагы Ж.Курманбектин жана 14 жаштагы А.Кудайбергендин айтымында, алар ошол күнү кѳл жээгинде эс алуучуларга жүгөрү сатып жүрүшкөн. Андан кийин алар көлгө түшүп жаткан мезгилде эс алуу жайындагы кѳлгѳ секирип түшүүчү пирстен 20 метр алыстыкта бир адам чабалактап кѳлгѳ түшүп жатканын кѳрүшүп, ал адамды ойноп жатат го деген ойдо кѳңүл бурушкан эмес. Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин ал адам кѳлдүн үстүнѳ калкып чыгып калганын кѳрүшүп, ошол жердеги кѳлгѳ түшүп жаткан чоң кишилерге айтышып, ал жерден үч киши кѳлгѳ кирип Уланбек Эгизбаевди жээкке алып чыккандыгын айтып беришкен", - деди Сталбек Усубакунов.
Ошондой эле Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургуну А.Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар көлгө бир киши калкып калды деп айтканда эле үч адам болуп, ал адамдын денесин көлдүн жээгине чыгаргандыгын айтышкан. Ошондой эле “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери суудан куткаруучу Т.уулу.Бакай жана медайым Ж.Назгүл сууга чөккөн адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдырышып, биринчи жардам кѳрсѳтүшкѳн, бирок андан эч натыйжа чыккан эмес.
Кийинчерээк көлгө чөккөн журналист Уланбек Эгизбаев экени аныкталып, анын сөөгү Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын өлүкканасына алып келинген. Ошол убакта Эгизбаевдин бир тууган эжеси Түп районунун Сары-Дѳбѳ айылынын тургуну К.Назгүл келип, ѳтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында, инисин Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүлүшүн көрсөткөн. Аталган факт Ысык-Кѳл РИИБинде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилген деп кошумчалайт басма сөз катчы.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдѳ.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.