Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) тергөөчүлөрү журналист Элнура Алканованын ишин тергөөдө ыйгарым укуктарынан пайдаланган эмес. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 25-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Каржы полициясынын тергөөчүлөрүнүн ишинде кылмыштын белгилери болбогону менен алар тергөө ишинин талаптарын одоно бузушкан.
“Элнура Алканованын өндүрүштөн кыскартылган кылмыш ишинин материалдары каралды. Жыйынтыгында Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбеков кылмыш ишти тергөөдө кызмат абалынан ашкере пайдаланбаганы аныкталды. Болгону тергөөчүлөр иштин жагдайларын ар тараптан, объективдүү изилдеген эмес. Алар Жазык-процесстик кодексинин 19-беренесинин талаптарын одоно түрдө бузушкан. Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан Каржы полициясынын жетекчисинин атына тергөөчүлөрдү катуу тартиптик жазага тартуу жөнүндө сунуш берилген”, - деп билдиришти.
Журналист Элнура Алканова Башкы прокуратура анын жазган арызы боюнча тергөөчүлөрдүн мыйзам бузгандыгын аныктай албаса, анда ал эл аралык уюмдарга кайрыларын билдирген эле. SUPER.KG порталы бул боюнча журналисттин өзүнө байланышканда, ал Башкы прокуратурадан расмий жооп келе электигин билдирди.
“Башкы прокуратура менин жазган арызымды карап Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековго сөгүш жарыялансын деген сунуш жиберишкен. Мен бул чечимге макул болбойм, тергөөчүлөргө иш козголушу керек деп кайра арыз менен кайрылгам. Ошондой эле Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен жолуккам. Ал бул ишти өз көзөмөлүнө аларын билдирген. Мен азыр Башкы прокуратуранын расмий жообун күтүп жатам, ошондон кийин гана кийинки кадамдарга барууну ойлоном. Менде Каржы полициясынын тергөөчүсүнүн мени менен болгон сүйлөшүүсү бар. Эгер аларга чара көрүлбөсө, анда аны жарыялоого аргасыз болом”, - деди Алканова.
Ал эми Каржы полициясына байланышып, Башкы прокуратура тарабынан Каржы полициясынын жетекчисинин атына жогорудагы аты аталган тергөөчүлөрдү катуу тартиптик жазага тартуу жөнүндө сунуш түшкөнүн тактоого мүмкүн болгон жок.
Эске салсак, өткөн жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал жер мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.
2017-жылдын 18-декабрь күнү бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Элнура Алканова бул ишке күбө катары суралып келген. 2018-жылдын 13-февралында ага 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) менен айып коюлуп, кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Мүлктү сатууга Сапар Исаковдун жакындары аралашкан деген маалымат боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаковдон кечирим сурашын талап кылышарын билдиришкен.
Ушул жылдын 27-апрелинде журналистке карата козголгон иште эч кандай кылмыштын курамы жок экени аныкталып, ага карата кылмыш иши токтотулган.
Мындан кийин журналист Элнура Алканова Каржы полициясынын тергөөчүлөрү ага карата негизсиз кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан пайдаланган деп чара көрүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурга арыз жазган.