30-июль күнү төрөлгөн адамдар акылдуу жана тамашаны аябай жакшы көрүшөт. Адамдар менен бат тил табышып, тамашакөйлүгү менен баарын жандантат. Алдыга кандай максат койсо ийгиликке акылдуулугу менен жетүүгө аракет кылат. Сөз байлыгы кенен, табиятынан сөзгө чечен болгондуктан, алар менен сүйлөшкүң келе берет.
Бул күнү жарыкка келген адамдардан мыкты жетекчи чыгат. Булардын башкы талабы - ишин кызыгуу менен иштеп ийгилик жаратуу. Алар искусство жаатында же мугалим, спорт тармагында эмгектенсе жаңылышпайт. Байлык, бийликке умтулбаганы менен, оңой эле олжолуу болушат. Бирок ошол эле учурда материалдык байлыкка кызыккандары да жок эмес.