Астротөлгө: 16-августта төрөлгөн адамдар кошомат кылууну жактырышпайбы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

16-августта төрөлгөндөр лидерлик сапатка ээ, жоопкерчиликтүү, күчтүү, кайраттуу адамдар болушат. Алар чечкиндүү болгондуктан кандай гана иш болбосун жоопкерчилик менен чечкенге аракет кылат. Ошол эле учурда алар абдан сезимталдуу, романтикага жакын болушат. Бул күнү жарыкка келген адамдар дайыма өзүнүн сезимдерин, эмоциясын ачык билдиришет. Бирөөгө жагынып, кошомат кылууну жактырышпайт. Бул алардын мүнөзүнүн ачык-айрымдуулугунан кабар берет.

Бул күнү төрөлгөндөр жеке мамиледе көз карандысыз болууну жактырышат. Романтикага жакын болгондуктан сүйүктүүсүнө күтүлбөгөн белектерди тартуулоого жөндөмдүү келишет.

16 санынын алдында төрөлгөндөр көрөгөч, акылы зирек адам болгондуктан кандай жумуш болбосун кабагым-кашым дебей иштеп кете алат. Ак ниеттүү адам болгондуктан жакын адамдарына жакшылык кылуудан баш тартпайт. Алар колунан келген жардамын берүүгө ар дайым даяр. Булар жогорку кызматтарда өзүнүн лидерлик сапатын көрсөтсө, атагы алыска тарап, көптөгөн сыйлыктардын ээси боло алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zheenbaev95
2020-08-16 14:43:31
Таак ошондо мен жөнүндө болуп атабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан