31-июлда төрөлгөн адамдар амбициясы күчтүү, мамилеге туруктуу болушат. Бирок алар чеберчилик менен өзүнүн максатын ишке ашырууга пайдалана билишет. Булар сөзгө өтө чечен болгондуктан адамдар менен бат тил табышып, ар тараптуу сүйлөшө беришет. Өздөрүнүн идеалдуу ойлорун айланасындагы адамдар менен бөлүшүү булар үчүн абдан маанилүү.
Бул күнү жарыкка келгендер абдан эмгекти сүйгөн адамдар болушат. Алар кандай жумушта иштебесин жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Бул алар үчүн эң биринчи орунда турат. Жашоого реалдуу көз караш менен карап, олуттуу мамиле кылышат. Булардан эң жакшы илимпоз, жазуучулар чыгат.
Сүйүү жаатында романтик, абдан берилүү менен мамиле кылган ишенимдүү өнөктөш боло алат. Булар салттуу никенин талаптарын сыйлоо менен жылуу мамилени түбөлүк сактап калууга умтулушат.