18-августта төрөлгөндөр ой чабыты күчтүү, интеллекти жогору адамдар болушат. Булар бардык адамдар менен тил табыша билет. Эң жакшы сапаттарынын бири ар бир адамга бирдей мамиле кылган, калыс адамдар болушат.
Искусствону, жаратылышты жана сулуулукту баалайт. Бул күнү төрөлгөндөр табиятынан инвестор болуп төрөлөт. Анткени энергиясын, акчасын жана башка жөндөмдүүлүгүн туура пайдалана билет. Акчаны жакшы көргөндүктөн туура пайдалана алат. Бул күнү жарыкка келгендер башка арстандардай ээ күчтүү, лидерлик сапатка ээ адамдар болушат. Булар искусствого, чыгармачылыкка жакын адамдар болгону менен, көпчүлүгү юридикалык чөйрөнү тандашат.