Бул күнү төрөлгөндөр карама-каршылыктар жаралса жуурканга башын катышпайт, тескерисинче, аны жакшы жагына чечүү үчүн болгон аракетин жумшашат. Ошондуктан көп адамдар ишенимдүү түрдө ага кайрылышат. Өтө энергиялуу, компанияны жандандырып, көңүл чордонунда болушат. Жашоого болгон кызыгуусу, сүйүүсү күч.
Ишенимдүү, чечкиндүү, ошону менен катар шашма жана көк бет. Маселе жаралса ойлонуп отурушпайт, батыраак жыйынтык чыгарууга ашыгышат. Бир убакта баарына жетишүү үчүн болгон энергиясын, күчүн коротушат.
Кыялкеч, элпек, интуициясы күчтүү, чыгармачыл жана сезимтал келишет. Мындай сапаттар менен кошо эрктүүлүгү сүйүү жаатында жаңы мамилени курууга түртүп турат. Бул сезим менен жашоо кызык экенин жакшы билишет. Эгер түгөйүн тапса романтикалуу кечелерди, сюрприздерди уюштургандан тажашпайт.