9-октябрда актёрлор, жазуучулар жана музыканттар туулган күнүн белгилешет. Артисттик темпераментке ээ болгон мындай адамдар кимди болбосун өздөрүнө тартып турат. Жашоодо өз ордун кыйынчылыксыз таап, искусство жана ишкерлик жаатында ийгиликтерге жетишет.
Сезимтал келип коомдогу көйгөйлөргө кайдыгер карабай, ар бирин жүрөгү аркылуу өткөрөт. Жакындары аларды кичинекей кезинен тарта эл камы үчүн күйөрүн, ал үчүн таңдан кечке эмгектенерин айтып келишет.
Сынчыл көз карашы окууда, жумушунда көпчүлүк учурда жетекчилиги тарабынан терс кабыл алынышы мүмкүн.
Бул күнү төрөлгөндөр айрым учурда жаратылыш парктарында, коруктарда иштөөнү эп көрүшөт.