Астротөлгө: 8-август күнү элдин жүгүн көтөргөн билимдүү адамдар төрөлөбү?

8-август күнү ой-чабыты күчтүү, билим алууга умтулган, ошону менен бирге адептүү жана жоопкерчиликтүү адамдар төрөлөт.

Мындай адамдар баштаган ишин ар кандай тоскоолдуктарга карабай аягына чыгарат. Натыйжа бере турган жолду тандай билип, башкалардан кеңеш сурап отурбай өз алдынча чечим чыгара алышат.

Идеалдуу болууга умтулуп, чыдамкай, өз күчүнө ишенген өжөр болушат. Көпчүлүктөн алсыздыгын жашырып, тамашага олуттуу карайт.

Жакындарына жана сүйүктүүсүнө өзгөчө камкор жана кең пейил болушат. Бирок кесиптештери жана достору үчүн алардан өткөн ачуулуу жана кекчил адам жок.

Аталган күнү кайталангыс таланттуу адамдар төрөлөт. Элдин жүгүн көтөрүп коомдук, мамлекеттик иштерге да активдүү катышуу менен бирге үй-бүлөсүнүн тирөөчү, балдарына үлгү болушат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан