Астротөлгө: 30-июнь күнү төрөлгөндөр көп кырдуу талантка ээ болобу?

30-июнь күнү төрөлгөндөр башкалардан көп кырдуу таланты менен айырмаланышат. Искусствонун бир нече түрүнө болгон кызыгуусу наристе кезинен тарта байкала баштайт. Үй-бүлөдө бир туугандарынын түрдүү өнөрлөрүн бат өздөштүрүп, кандай чөйрөдө болбосун өз ордун таап кете алат.

Бул күнү төрөлгөндөрдү өзү каалап баспаса, мажбурлоо менен кайсы бир ишке алып баруу мүмкүн эмес. Өз алдына максат коюп, ага жетүүнүн жолун план боюнча басып өтөт.

Кир жугузбаган назик жан дүйнөсүн көпчүлүккө ача бербейт.

Алардын жанында жүрүү, досу болуу - ийгиликке болгон чоң кадам менен барабар. Шайырлыгы, тапкычтыгы анан көп кырдуу таланты досторуна көп пайда алып келет.

Ал эми турмуштагы түгөйү болуунун өзү эле бакыт. Себеби бул күнү төрөлгөндөр жашоонун оош-кыйышына түшүнүү менен карап, ар кандай адамдын кеңешчи оң колу боло алышат.

Өзгөчө дүйнөдө жашап, башкаларды да өзүндөй ак көңүл деп эсептешет.

Эң чоң кемчилиги сабыры түгөнгөн кезде ашыкча эмоцияга берилип кетип, туура эмес сөздөрдү сүйлөп алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан