Астротөлгө: 3-декабрь күнү төрөлгөн адамдар идеяга бай болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

3-декабрь күнү төрөлгөн адамдар энергиялуу, идеяга бай, изилдөөчү болушат. Алар улам жаңы нерсеге кызыгып ага жетүүгө умтулушат. Ошондой эле алар пикир алышууну жактыргандыктан, курчап турган достору көп десек болот. Булар жакын адамдардына абдан назик, жумшак мамиле кылышат. Ошондой эле үй-бүлөгө абдан туруктуу келет.

Ушул күнү жарыкка келгендер адамдар менен оңой эле тил табышып кетишет, ошондой эле өзүнө жакын адамын чын дили менен жактырып, тез эле ынак болуп кетишет. Жеке мамиледе романтикага жакын болгондуктан өнөктөшүнө ар кандай күтүлбөгөн белектерин арнап, сүйүүсүн бекемдеп алышат.

Ал эми алар эгергиялуу, активдүү болгондуктан өзүнүн жөндөмүнө жараша иштөөнү жактырышат. Кызыккан нерсесин билүүгө, окууга умтулушат. Ошондуктан бул күнү төрөлгөн адамдар ар кандай жумушта иштешет. Идеяларды ойлоп таап, алдына койгон максатына жетүү үчүн колунан келишинче аракет кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан