22-декабрда төрөлгөндөр идеалдуулукка көбүрөөк басым жасашканына карабай жашоонун чындыгын издешет. Тажрыйбалуулукту, реалдуулукту баалашат жана иллюзияга арбалышпайт.
Терең ойлуу, мээнеткеч мындай адамдар энергиянын үлкөн кору менен камсыздалган болушат. Алар билгич, акылы курч келип, жакындарынын маанайын чөктүрбөөгө аракет кылышат.
Бул күнү төрөлгөндөрдүн жакшы сапаттарынын дагы бири - иштерин узак убакытка мерчемдеп, аны жүзөгө ашыруу.
Үй-бүлөсүн жана карьерасын тең алып кете алышат.