SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын районуна караштуу Куланак айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл өзүнүн көз жоосун алган жаратылышы, мөмө-жемиштери жана Кара-Суу деген дарылык касиети бар кичинекей көлү менен даңкталып келет.
Куланак айылы жөнүндө бизге Айыл өкмөтүнүн башчысы
Осмонбек Өмүралиев айтып берди:

"Биздин Куланак айылыбыздын түпкү тамыры тээ кылымдарга кетет. "Эр Табылды", "Манас" эпосунда дагы аты аталган айыл. Куланак деп аталып калганынын себеби тээ илгери бул жер токой болуп куландар (кулан - жапайы жылкы) мекендеген. Ошол куландардын куйруктарынын түсү ак болуп, ошолор мекендеген аймак болгондуктан Куланак болуп аталып калган. Куланак айылынын 1 кылымдан ашык тарыхы бар. Нарын өрөөнүндө эң алгачкылардан болуп түптөлгөн, эл отурукташкан айыл болуп эсептелет. Айылыбыз башка айылдардан бак-дарактуу келип жаратылышынын кооздугу, дыйканчылык кылууга, мал бакканга да ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт", - дейт Осмонбек Өмүралиев.
Айылдын түштүк тарабы көк мелжиген Байбиче кырка тоосу менен курчалган, ал эми түндүк тарабынан Нарын дарыясы кесип өтөт. Айылды Кошойдун кара тоосу, Эки бала деген чокулар көрккө бөлөп турат. Куланак айылындагы эң бийик чоку Эки бала деп аталат. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 4040 метр.
Бул жерде кош чоку болуп турат. Уламыштарга караганда эки бала отун терип жүрүп чокуга чейин чыгышып, чагылган түшүп каза болгон. Ошондон улам кош чоку Эки бала чокусу деп аталып калган. Куланактагы көк мелжиген аска-зоолор, көк шиберлүү капчыгайлар, андагы агып чыккан мөлтүр кашка суулар айылдын кооздугун арттырып, көрккө бөлөйт.
Осмонбек Өмүралиевдин айтымында, айыл эли негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Бул айылга 50 жыл мурун насостук станциянын курулушу дыйканчылык тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Куланак айылын бекеринен "Нарындын чүйү" деп атап коюшпаса керек. Себеби Нарын өрөөнүнүн башка айылдарынан айырмаланып, аба ырайы жылуу болгондуктан бышыкчылыктуу келип мөмө-жемиштердин түрү, арпа, буудай, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлөт. Айыл тургундарынын арасында тонналап капуста, калемпир, картошка өстүрүп, Нарындын башка аймактарына сатып бизнес кылгандары да жок эмес. "Айылда 40 километрге созулган канал бар, суу кенен болгондуктан жашылча-жемиштердин түрү өстүрүлөт. Куланак айылы - райондун башка айылдарын жана Ат-Башы өрөөнүн жашылча-жемиштери, малга тоют катары өстүрүлгөн чөбү, эгиндери менен камсыз кылып турган айылдардын бири" дейт айыл тургуну.
Ошондой эле айылдын кире беришинде Кара-Суу деген дарылык касиети бар кичинекей көл жайгашкан. Аталган көл туздуу келип кышында тоңбойт, суусу ар дайым жылуу болуп турат. Кара-Суу учурда аллергиялык ооруларга даба катары колдонулуп келет.
"Кара-Суу тери ооруларын айыктырат. Көптөгөн адамдар сууга түшүп денесине чыккан жаралардан айыгып, ден соолугун чыңдап кетишкен. Бирок азыркы учурда Кара-Сууда шарттар жок, тилекке каршы, кароого муктаж болуп турат. Эгерде бул жерди атайын ден соолукту чыңдоочу жайга айландырсак тургундар үчүн абдан жакшы болмок" дейт Осмоналиев.
Айылда мектеп, клуб, почта байланыш бөлүмү, бала бакча, оорукана жана №86 кесиптик лицейи бар болгондуктан тургундардын көбү жумуш орундары менен камсыз болгон.
"Азыркы учурда башка айылдарга барсаң жаштардын көбү жумуш жоктугунун айынан борбор калаабызга, чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал эми биздин айылда, Кудайга шүгүр, бардык шарттар бар. Көпчүлүк жаштарыбыз жумуш орундары менен камсыз болгон, айрымдары спорт менен алектенишип, арасында өз күчүн чет өлкөгө барып сынап келгендер бар" дешет айыл тургундары.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!