SUPER.KG порталынын "Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылы тууралуу сөз кылабыз. Дүйнөгө белгилүү айгүл гүлү өскөн Кара-Булак айылы жөнүндө айыл башчы Азамат Абдиламитов айтып берет.
Кара-Булак айылы дарыянын жээгинде, Баткен облусунан 20 чакырым түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашкан. Айылда 887 кожолук бар, ал эми жалпы 3900 адам жашайт. Айылдын 99 пайыз калкы кыргыздар. Кара-Булак айылында эки мектеп, бир бала бакча, бир спорт комплекси жана бир ФАП бар.
Азамат Абдиламитовдун айтымына караганда, элдин көпчүлүк бөлүгү мал чарбачылык менен алектенет. Ошондой эле айылдагы 30 пайыз эл тышкы миграцияда.
"Биздин айылдын эли мал чарбачылык, дыйканчылык менен жан багат. Элдин 30 пайызга жакыны сырткы миграцияда. Дыйкандардын көпчүлүгү алма, өрүк, кокон гиласты өстүрүшөт. Ал эми мал чарбачылык жөнүндө айтсам, айылда асыл тукум малдардын түрүн баккан фермерлер дагы бар. Мисалы, азыр айылыбызда кээ бирлери арашан коюн өстүрүп, көбөйтүп жатышат", - дейт айыл башчы.
Кара-Булак айылынын Айгүл-Таш тоосунда дүйнөдө сейрек кездешүүчү айгүл гүлү гүлдөйт. Айгүл гүлү көбүнчө апрель жана май айында гүлдөп баштап, өзүнүн кызгылтым-сары түсү жана өзгөчө түрү менен белгилүү. Аталган гүл 20-25 күн гүлдөп турат. Анын дагы бир айырмачылыгы – боюнун бийиктиги бир жарым метрге чейин жетип, тоонун күнгөй эмес, тескей капталында өсөт. Бул ажайып кооз гүлдү жалаң гана таштуу жерлерден көрүүгө болот, анын тамыры да терең жайгашкан. Ошондой эле коңгуроочолорунан гүлдүн канча жашта экенин билсе болот. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү эл ушуну сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат.
Азыр Айгүл-Таш тоосу корукка алынып, андагы гүл биринчи жолу СССРдин кызыл китебине 1978-жылы киргизилген. Андан кийин толукталып чыгарылган Кыргызстандын кызыл китебине да киргизилген.
Бул айылда белгилүү, беделдүү инсандар дагы чыккан. Алгач эле Залкар жазуучу, акын, драматург, көп кырдуу талант Мурзапар Үсөн тууралуу айталы. Ал 1948-жылы Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1970-жылы Кара-Булак орто мектебинде мугалимдик кесипте эмгектенип баштаган.1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктап жогорку билимге ээ болгон. Мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директорлук кесипти аркалаган. Ал "Ааламдар алкагында", "Сакылар жери", "Тайгак кечүү", "Данакер" жана башка бир топ чыгармаларды жазып калтырган. Ал 2023-жылдын 22-январында каза болгон.
Бул айылдан дагы бир жазуучу, публицист, илимпоз Топчугүл Шайдуллаева чыккан. Ал 1960-жылы 24-январда Кара-Булак айылында төрөлгөн. Топчугүл Шайдуллаева 1977-жылы Кара-Булак орто мектебин, 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Анын "Акыркы раис" аңгемеси кыргыз өкмөтү тарабынан уюштурулган “Элет тагдыры – эл тагдыры” сынагынын байгесине татыган. Ал эми “Жан шерик” аңгемелер жыйнагына Жазуучулар союзунун “2000-жылдын эң мыкты китеби” диплому ыйгарылган. Мындан сырткары бир топ сыйлыктардын ээси болгон.
Кара-Булак айылынан чыккан эл өкүлдөрүн дагы айтып кетпесек болбойт. Жогорку Кеңештин депутаттары: Султан Айжигитов жана Бактияр Калпаев дагы дал ушул айылдын кулундары.