"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айыл аймагы тууралуу сөз болот. Жаратылышы бир көргөн адамды суктандырган, тамшанткан "таза" бал өндүргөн айыл тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Беканас Байгазиев баяндап берди.

Бел-Алды айыл аймагы облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 340 чакырым, Токтогул районунан 45 чакырым чыгыш тарапта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 200 чакырым аралыкта жайгашкан. 1930-жылы негизделген. Калкынын саны 5 миң 40.
"Айылдын мурунку аты Үч-Кишен деп аталган. Анткени бизде тоодон үч чоң суу агып келип биригет. Ошол бириккен үч суунун ортолорунда жайгашкан үч айыл бар. Мурун жаз мезгилинде суулар көбөйгөндө тоскоолдук жаралып, (кишенделип) бири-бирине өтө албай калчу экен. Ошондон улам айыл Үч-Кишен деп аталып калган.

Азыркы учурда айыл Бел-Алды деп аталат. Бул айылдын аталышынын келип чыгуу тарыхына кайрылсак, Кетмен-Төбө менен Суусамыр жолу өткөн. Илгери аттар менен көчүп жүргөн убакта ошол Суусамырга өткөн бел бар болгон. Эл ичинде бул аталышты суусамырлыктар койгон деп айтылып жүрөт. Себеби "белдин алдындагы айыл" деп айтышчу экен. Ошондон улам белдин алдындагы айыл Бел-Алды аталып калыптыр.
Ошол эле жерде дагы бир тарыхый окуя бар. Жол менен бара жатканда Ашуу-Төр деген жер бар. Ал жерде болжолдуу салмагы 200-300 килограммдай Кожомкулдун ташы бар", - дейт Беганас Байгазиев.
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн курамында 4 айыл бар. Алар Сарысөгөт, Коргон, Кишен жана Бел-Алды деп аталат.

Айылда кыш мезгили 4 айдан 5 айга чейин созулат. Кышында кардын калыңдыгы 70-80 сантиметрге чейин жетет. Жайы салкын.
Боор-Теке жайлоосу
"Айыл аймагында эки орто, 1 башталгыч мектеп, китепкана, клуб, 2 фельдшер-акушердик пункт, 2 мечит, 7 тегирмен, спорт зал, 2 кичи футбол аянтчасы, 3 устакана жана байланыш бөлүмү бар.
Жердин жалпы аянты 22,1 миң гектар, айдоо жери 1,1 миң гектар, анын ичинен сугат жери 246 гектар, кайрак жери 756 гектар".

Жергиликтүүлөр бул ташты Кожомкулдун көтөргөн ташы деп айтышат.
Айыл эли балчылык менен алектенишет. Алардын өндүргөн бал өлкөдөгү алдыңкы орунда турат. Балдын сапатын атайын лабораториядан өткөрүшүп, таза бал сертификатын алган алдыңкы балчылар дагы бар.
Негизинен калк мал чарбасы, талаачылык жана балчылык менен эмгектенишет.
"Райондо айылдын көк бөрү курама командасы мелдештерде алдыңкы орундарды алып келет. Алардын арасында республикалык көк бөрү командасында ойногон жигиттер дагы бар".
Айыл район боюнча балчылык менен алектенген алдыңкы айыл болуп эсептелет. Калктын 20-30 пайызы балчылык менен алектенишет.
"Айылдын Бадалык деген жери бар. Ал жерден алынган бал СССР боюнча биринчи орунду алып турган. Азыркы учурга чейин издеп барып алып кеткендер бар. Балдын өзгөчөлүгү кийик оту деген гүл (тмин) алынганы. Бул өсүмдүк дары чөптөрдүн катарында турат".
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков дал ушул айылдын кулуну.
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!