"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Ураан айылы тууралуу сөз болот. Айылдан чыккан залкарлар, көз жоосун алган жаратылышы, эмгекчил, жөнөкөй калкы тууралуу SUPER.KG порталына айылда өскөн Акынай Мудушова баяндап берди.
“Убакыт-зымырык куш” деп ушуну айт. Айылымдын сүрөтүн карап отуруп, боз-ала чаңга томолонуп ойногон кезим эске түштү. Ошол эле биз ойногон үңкүр, талаа, тоо, кыр, орток (ортокту биздин айылдагылар жакшы билишет), көпүрө, суу, мектеп (айылда эки мектеп орун алган), үйлөр... Аттиң дейсиң, кыялымда сүңгүп кирип кеткендей, өңүмдө да ошол жерлерде жүрсөм кана!
Туулган жерим дегенде, тээ алыскы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Кызыл-Ураан айылым эске келет. Эмнеге деген суроо жаралат, айылдын улгайып калган карысы, чоңдору, улуу муундагылар айылдан алыс чыгышса эле “жерим”, “суум”, “ташым” дей беришет дейсиң.
Айылымдан алыс жүрүп “эмнеге” деген суроонун жообун эми аңдап жеттим көрүнөт, көрсө “Туулган жердин топурагы алтын” деген ушул тура...
Айыл десе келет менин эсиме,
Апакемдин уй сааганы кечинде.
Чаңга ойноп бопбоз болуп, анан да,
Чөп чапканым жылда адыр, тектирде.
Айыл-жыты, ал дайым эсимде. (ав. Орозбаев У.)
Кызыл-Ураан.
Кызыл-Ураан Кыргыз Республикасынын, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Үч-Терек айыл округу составына кирет. Райондун борборунан бир канча чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл калкынын саны болжолдуу 2 миң 700.
1933-жылы Кызыл-Ураан айылы болуп түзүлгөн. Айылдын аталышы эч кандай “ураанга” байланыштуу эмес. Улуу Ата Мекендик согушта белгилүү болгондой эле “актар” жана “кызылдар” согушкан. Кийин актарды кызылдар жеңип чыгышкан. Бул албетте, совет бийлигинин орнотуучулары болушкан.
Кызылдардын бийлиги үстөмдүккө ээ болгондон кийин алар өздөрүн пропагандалоо иштерин жүргүзүшкөн. Мисалы, совет бийлигинин тушунда жер-суу, айрым бир совхоз жана башкалардын аталыштары жалаң кызыл менен байланышкан. Ошондой иштерге биздин айылда туш келип калган.
Совет бийлигинин тушунда катарлаш ысым алып калган айылдардан болот деген маалыматтар айтылып келет жана Кызыл-Ураан айылынын атынын түзүлүшүнө чоң салымын кошкондордун бири - Сатынбүбү апа (биздин айылда көчөнүн аты берилген). Айылдын эски аталышы негизинен Үч-Терек болуп айтылып келет.
Айылыбызда аты алыска тараган Артыкбай Калпа, куудул Бекназар, алыска аты чыкпаса да элибизден чыккан бир канча спорт чеберлери, агартуучулары, ырчы-бийчилерибиз менен сыймыктанып келебиз.
Айыл тургундарын эле эмес коңшу жайгашкан айылдарды бири-бири менен байланыштырып турган чоң жол, чакан көчөлөр жайгашкан. Жолдун четинде жарык берүүчү лампалар орнотулган. Анан айылыбыздын 11 жылдык далай-далай билимдүү, коомдун күзгүсү болгон жаштарды уядан учурган 2 мектебибиз бар. Айыл эли негизинен дыйканчылык, мал-чарбачылык менен алектенишет.
Биздин айылда жай, кыш, күз, жаз мезгилдери өз-өз убагында болот. Кышы жылуу, жайы салкын богон айылымда жер-жемиш, жашылча, эгиндердин бардык түрү бышат.
Ушундай эли меймандос, жери кооз, суусу тунук, абасы таза Кызыл-Ураан айылымдын кызы болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам!
№32 Бекназар атындагы орто мектеби
№33 У. Артыкбаев атындагы орто мектеби, аны менен кошо футбол аянтча жайгашкан.
Намаз окулуучу Артыкпай калпа атындагы мечит, мындан башка дагы чакан 2 мечит бар.
Андан сырткары “Дилдеайым Апа” атындагы балдар бакчасы бар.
Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктары болгон баатырларга арналган эстелик орнотулган.
Мындан сырткары айылда клуб, фельдшердик-акушердик пункту бар.