Менин жерим: Кышында күн, жайында ай көрүнбөгөн Баткендин Кыштут айылы тууралуу баян

SUPER.KG порталынын "Менин жерим" рубрикасынын алкагында бул ирет Баткендин Кыштут айылы тууралуу баяндап берүүнү туура көрдүк. Аталган айыл бийик тоолордун ортосунда, климаты катаал жерде жайгашкан. Дагы бир өзгөчөлүгү мындагылар 3 ай бою күндү көрбөсө, 3 ай айды көрүшпөйт. Ооба, сиз дагы таң калып жатсаңыз керек. Анда сөз башынан болсун...

Жергиликтүүлөрдүн айтымында айыл эмнеге Кыштут аталып калганы боюнча 3 түрдүү божомол бар.

- Биринчиси, илгери жапайы илбээсин, куштар гана мекендешчү экен. Кийин эл отурукташканда илбээсиндерди кармап, тамак-ашка колдоно баштаган. Ошондуктан “куш тутуучу” деп аталып жүрүп “Кыштут” болуп калган.

- Экинчиси, айылга 15-ноябрдан тартып 5-февралга чейин күн тийбейт. Анткени, күн нурларын бийик тоолор тосуп калат. Күн тийбеген учурдан тартып “кышты тут” деп жүрүп Кыштут аталып калган дешет. Жайында болсо 3 ай бою ай көрүнбөйт, айды да бийик тоолор тосуп калат. Ушул себептүү жайында түнү караңгы.

Үчүнчүсү, илгери бул жакта чоң эки түп тыт дарагы болгон. Тургундар “отунду кош тыт жакка барып алып келдим” деп жүрүп “Кыштут” атка конгону айтылып келет.

Мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган Кыштут айылы менен аталган айылдын башчысы Исамидин Назиров тааныштырат.

"Кыштут айылы Баткен районунун түштүк-чыгыш бөлүгүнөн орун алып, деңиз деңгээлинен 1530 метр бийиктикте турат. Райондун борборунан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан. Райондун борбор менен байланыштыруучу негизги жол Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтөт. Андан тышкары, альтернативалык (Айгүл-Таш, Согмент, Таян) жолу бар. Бирок жолдун абалы талапка жооп бербейт. Ал эми айылдагы жол эзели асфальтталган эмес. Райондун борборуна 1,5-2 саатта Сох анклавы аркылуу өтүп баруу керек. 15 чакырымдай тоонун боору менен жүрүп отурасың, жолдун бир капталы аң, сай. Айылдан райондун борборуна 1 күндө 1 жолу гана маршруттук такси каттайт".

Кожолуктун (түтүн) саны – 338

Элдин саны – 1371 адам

Айылдын аянты – 4795 чарчы чакырым

Элдин үлүш жери – тоолуу жер болгондуктан айдоо жери абдан аз, жалаң таштак жерлер. Ар кожолукка 1,92 сотых үлүш жер тийген.

Айылда мектеп, ФАП, айылдык китепкана бар.

Окуучулардын саны – 200

ЭЛЕТТИКТЕР ДЫЙКАНЧЫЛЫК, БАГБАНЧЫЛЫК ЖАНА МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ МЕНЕН АЛЕКТЕНЕТ

"Кыштут айылынын эли негизинен дыйканчылык, багбанчылык жана мал чарбасы менен алектенет. Биз жашаган аймактын шарты катаал, жери аз. Малга чөп чаап алчу жайыт да жок, эл 5-10 уй-торпок, 20 чакты кой-эчкиден ашык бага албайт. Негизинен элеттиктер картошка, сабиз, кара тамеки эгет. Ошол эле учурда жергиликтүүлөр багбанчылыкты да жакшы колго алышкан. Гилас жана алма бактар бар. Бул да биздин негизги киреше булагыбыздын бири. Айылда жумушчу орун дээрлик жок болгондугуна байланыштуу, көпчүлүк жаштар ички жана сырткы миграцияда жүрүшөт. Тоолуу жер болгондуктан кышында карышкырлар тынчтык бербейт. Ал учурда айылдагы 3 мергенчибиз аларды атып, коркутуп-үркүтүп турат".

БАЛА БАКЧА, СПОРТ АЯНТЧАСЫ ЖОК...

Кыштут айылында бала бакча, маданият үйү, спорт аянтчасы жана кичи футбол аянтчасы жок. Мында 1 ФАП, 1 китепкана жана бир мектеп бар. Буга чейин эски мектептин имараты авариялык абалга жетип, пайдаланууга болбой калган. Бирок ага карабай окуу процесси жүргүзүлүп келген. Аталган мектеп элдик ашар жолу менен алгач 1928-жылы, кийинчерээк 1949 жана 1968-жылдары улам кайра оңдолуп салынган. Ал эми 1985-жылы 10 жылдык орто мектеп болуп ачылган.

"Буюрса жаңы окуу жылында айылыбызда жаңы заманбап мектеп пайдаланууга берилүү алдында турат. Жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок. Анткени, эски мектеп абдан эле кооптуу болчу. Балдарды окута турган башка жай жок болгондуктан "Кудай сактасын" деп ушуга чейин колдонуп келгенбиз. Дубалдарынан жарака кеткен, бир жагына кыйшайып калган, каалаган убакта урап калуу коркунучу бар болчу. Ичи ным тартып, чатыры да эскирип тамчы өтчү. Полу да чирип калган эле. Эми жаңы окуу жылында балдарыбыз жаркыраган мектепке барышат. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Жаңы мектеп 150 окуучуга ылайыкталып, республикалык бюджеттен каржыланып жатат".

200 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР МОНЧО, КУДАЯР ХАНДЫН ЧЕБИНИН КАЛДЫКТАРЫ, ТЕРЕКТИН БАШЫНДАГЫ ҮЙ...

Айылдын өзгөчөлүгү, тарыхый жерлери тууралуу Исамидин Назиров буларга токтолду.

"Биздин айылдын бирден бир өзгөчөлүгү 3 ай ай, 3 ай күн тийбегенинде. Кышында күндүн нурун көрбөсөк, жайында айды көрбөйбүз. Айыл тоолордун койнунда жайгашкандыктан абасы таза. Айылыбызда Кудаяр хандын чебинин калдыктары сакталып калган. Мындан сырткары 200 жылдык тарыхы бар мончобуз бар. Ал 1846-жылы курулган. Мончонун узундугу 7, туурасы 3 метр. Мончо көп жылдардан бери колдонулбай калган. Бирок ал архитектуралык эстелик катары сакталып, сырты оңдолгон. Полу цемент, бирок алдында мешке уланган түтүктөр болгондуктан полу дайыма жылуу болуп турат.
Айылыбыз кооз жерде жайгашкан. Андыктан эл туризмди өнүктүрүү аракетинде. Бирок четки район болгондуктан туристтер аз келет. Өткөн жылы америкалык туристтер келип, табиятыбызга суктанып кетишкен. Айылдашыбыз Дүйшөнкул Жапаров чынар теректин башына, 12 метр бийиктикке, боз үй формасында темирден кичине үй жасаган. Ичине 6 адам батат. Тепкичтери талдан, кармагычтары темирден".

2022-жылдын август айында Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирген. Айылдагы Кыштут дарыясына курулган ГЭСтин кубаттуулугу 10 мегаваттты түзөт. Сметалык баасы 7 миллион доллар болгон ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер тарабынан башталган. ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын 100 пайыз жумушу аткарылды. Тактап айтканда, 2 даана бассейн, 700 метр аралыктагы канал курулуп, 5 чакырым аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар жумшалган. Ишке киргизүү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.

АЙЫЛ ЭЛИНИН ЫНТЫМАГЫНАН АЙЛАНСА БОЛОТ...

"Биздин айылдын элинин ынтмагынан айланса болот. Кандай гана коомдук иштер болбосун ар бир үй-бүлө активдүү катышат. Мисалы көпүрө салуу, көчөнү кеңейтүү, каналды тазалоо иштери да жергиликтүүлөрдүн жардамында ашар жолу менен ишке ашырылат. Учурда элдик ашар жолу менен кошумча көпүрө салынууда. Айылды тең экиге бөлүп турган дарыяда буга чейин жалгыз гана көпүрө болгондуктан айрым учурда каттам үзгүлтүккө учурап калат. Элеттик жаштардын демилгеси менен ар бир кожолук акча жыйнап, сметалык баасы миллион сомдук курулуш башталган".

Кыштут айылында дүкөндөрдө көп жылдан бери спирт ичимдиги, тамеки сатылбайт. Каада-салттардагы ашыкча чыгымдар да жоюлган.

"Мисалы, башка айылдарда жакынын жоготкондор ар бири үйүндө казан асып, мал союп, элди чакырып куран окутушат. А биздин айылда ушул нерсе жоюлган. Айылда бир жылдын ичинде кайтыш болуп кеткен адамдардын жакындары баары бир жерге, бир күндө чогулуп, бир малды союп эле өтүп кеткендерге багыштап куран окуп, дуба кылып, тарап кетишет. Андан башка ашыкча нерселер жасалбайт".

Бул айылда уюлдук телефон мурун айылдын жарымында гана тартса, 2019-жылдан тартып толук тартып баштаган. Мындагылар союз учурунан бери телевизор көрө албай келген болсо, 2018-жылы санариптик телемунара орнотулуп, 15 канал көрүп калышты.

"Айылыбызда ар бир конокту көргөндөн кубанычта болобуз. Үйрө, курутаба сыяктуу башка жерде жок өзгөчө тамактарыбыздан даам сызып кетүүгө чакырам. Үйрө бул камырдан жасала турган тамак. Элибиз муну "айыл лагманы" деп атап коюшат. Ал эми курутабаны даярдоодо болсо ун, кургатылган курут, сары майдан даярдалат. Меймандос Кыштут эли, сиздерди тоонун боорундагы өзгөчө айылыбыздан күтөт! Биздин айылга кош келиңиздер!".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан