21-мартта төрөлгөн адамдар энергиялуу, активдүү, кайраттуу болушат. Алар эмгекчил болгондуктан өз кесибинин фанаты. Ошондой эле ачык-айрымдуулугу менен бардык адамдар менен тил табышып кете алышат. Ал эми жумуш жаатында кайраттуу болгондуктан кандай кыйынчылык, тоскоолдук болсо да жеңип чыгып, ийгилик жаратууга аракет кылышат.
Бул күнү жарыкка келген адамдар өзүнө ишенгендиктен эч кимден колдоо күтпөйт. Алдына койгон максатына өзү каалагандай жол менен жете алышат. Ал эми жеке мамиледе романтикага жакын болушат. Сүйүүгө туруксуз келет, себеби өтө оңой сүйүп, кайра мамилесин үзүп коюу кыйынчылык жаратпайт.