Астротөлгө: 31-октябрда төрөлгөн адамдар камкор коргоочу, мыкты өнөктөш боло алышат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

31-октябрда төрөлгөн адамдар эмоциялуу, өзүнүкүн бербеген өжөр болушат. Булар жашоосунда кандай кырдаал болбосун өжөрлүгүнүн арты менен өзү каалагандай тууралап алат. Эч ким менен кеңешип, эч кимдин оюн угууну жактырбай, баарын өзүнүн каалоосу менен жасайт. Алар айтканынан кайтпаган сапаты менен көздөгөн максатына жете билүүнүн жолун издеп таап, ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүгүн, аракетин жумшайт.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе камкор коргоочу боло алышат. Өнөктөшүн кандай кырдаал болсо да коргоп алууга эрки жетет.

31 санынын алдында төрөлгөндөрдүн амбициясы күчтүү болот. Булар алдына кандай максат койсо да өжөрлүгүнүн арты менен жете билгендиктен, кандай жумуш болсо да иштеп кете алат. Эмгекти сүйгөндүктөн кандай жумуш баштабасын, аны аягына чыкмайынча жаны жай албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан