Жактоочу: "Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайларды кайра кароону суранып Башкы прокуратурага кайрылдык"

"Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды кайра кароону суранып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго арыз менен кайрылдым" деп 22-августта Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Ал Жогорку Соттун судьялары эч кандай далил келтирбей туруп мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтыргандыгын айтты.

"Жогорку Сотто биз Садыр Жапаровдун Эмилбек Каптагаевди барымтага алууда эч кандай тиешеси жок экендигин далилдедик. Бирок судьялар "сиз мындай деп жатасыз, иштин ичинде мындай деп жазылып жатат" деп бир да суроо бере алышкан жок. Мен сүйлөгөн учурда алар баары баштарын ийкеп, туура деп отурушту. Аягында эч негизсиз, далилсиз мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырып койду.

Биз аргасыздан макул болдук. Мына бүгүн биз Башкы прокуратурага кайрылдык. Анткени башкы прокурор президенттин сунушу боюнча кызматка дайындалган. Жаңы бийлик эски бийликтин каталарын кетирбей, адилет ак карап, Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар боюнча райондук, шаардык жана Жогорку Сотко ишти кайра кароого жөнөтүп, Садыр Жапаровдун акталышын талап кылат деген үмүттөбүз.

Ал эми жабырлануучу деп табылган Эмилбек Каптагаев тарыхта биринчи жолу соттолуучу Садыр Жапаровдун аны барымтага алууда эч кандай тиешеси жок экендигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна жана Жогорку Сотко апелляциялык даттануу менен кайрылып, актоону суранган. Азыр Садыр Жапаровго карата эч кандай күнөө да калган жок. Ал тез арада акталышы керек. Азыркы бийликтен адилеттикти күтөбүз", - дейт Токтосунов.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alia82
2018-08-22 19:34:33
Кыргыз учун жан куйдуруп иштеген азамат уулдун Акталып чыгышын Кудайдан тилейбиз...
+1
Patoshik1
2018-08-22 22:34:40
Бетине коюп берсе да актайм дегенин кара булардын.Мин кыйын адвокат тапсан да,кунолуу кишини акташ кыйын Точка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан