27-август күнү төрөлгөндөр алдыга койгон максатына жете билген, маанилүү маселелерге тез чечим кабыл алган адамдар болушат. Булар жашоосунда эмгекчил, жоопкерчиликтүү болгондуктан ар бир кылган нерсесине дыкат көңүл бурат.
Ушул күнү жарыкка келген бийкечтер чынчыл, иштемчил болгондуктан кандай жумуш болбосун иштей берет. Ошондуктан булар ар түрдүү чөйрөнү тандашат. Алар илим, медицина тармагында эмгектенсе жакшы ийгиликке жете алышат. Бул күнү төрөлгөндөрдүн айрымдары ашпозчу, дизайнерлик кесиптерди тандашат.
27 санынын алдында төрөлгөндөр чыныгы романтикага жакын адамдар болушат. Сүйүктүүсү үчүн назик, камкор, ишенимдүү өнөктөш боло алышат.