Экинчи медаль! Дарья Маслова Жайкы Азия оюндарында дагы 1 медалды утуп алды

Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдештер орун алды.

Анда 5 чакырым аралыктагы жарышта Кыргыз өлкөсүнөн Дарья Маслова катышып, фиништик чийинге 15 мүнөт 30,57 секундда жетти. Бул көрсөткүч менен кыргыз жөө күлүгү күмүш медалды тагынды.

1-орунду 15 мүнөт 8,08 секунд жыйынтыгын көрсөткөн бахрейндик Калдикан Бефкаду ээледи. Ал эми коло медалды дагы бир бахрейндик жөө күлүк Бонти Ребиту тагынды.

Эске салсак, буга чейин Дарья Маслова 10 чакырымдык жарышта алтын медаль тагынган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
sirgak_92
2018-08-28 19:20:14
Дарья азамат.Алтын алмак тигилер бахрейндик эмес африкалык экен Эфиопиялыктар.Молодец Даша
+5
Angry_commentator
2018-08-29 09:42:05
sirgak_92, Азия оюндары болуп жатса каяктагы Африканы айтып жатасын???
+3
Romantik.
2018-08-28 19:22:29
Красотка, азаматсың
+3
Dilzat1631
2018-08-28 19:24:36
soonun janylyk
+6
Dembele84
2018-08-28 19:25:08
Ушундай таланттуу спортсмендерибизди колдоп,мамлекет тарабынан жакшыраак конул бурулса,буга Дарьяга окшогон спортчуларыбыз дагы кобоймок.Колдоо жоктугунан кобунчосу Россия Казакстандардын атынан чыгууга мажбур болуп жатышат.
+8
Ali-han
2018-08-28 19:34:58
2 млн бар экен да)))
+4
barsbegKG
2018-08-28 19:36:05
Баракелде!!! 10миң чакырым эмес 10 миң метр
+9
bekmaral
2018-08-28 19:40:45
barsbegKG,ошол он мин метр кыргызчасы он мин чакырым болот да.
-14
Alinur96kg
2018-08-28 19:51:48
bekmaral,Жанылышасын.
+2
Nanei
2018-08-28 20:00:36
bekmaral,чакырым километр болот айлвнайын
+1
tulpar90
2018-08-28 19:44:17
Бали! Эң жакшы жаңылык.
+2
tulpar90
2018-08-28 19:50:06
Көптөн бери супер инфого кирбейт элем. Азиз оюндары башталгандан бери кирип калдым.
+3
Lutfulla
2018-08-28 19:53:11
Ушул спортсменге акча,уй,машина бергиле. Абдан раазымын ушул эжеге.
+6
Syimyk.isaev
2018-08-28 20:12:56
Желекти откондо эле ушинтип бериш керек болчу да. Даша эжеме соз жок! Мамлекет тарабынан конул бурулсун эми,унутта калып кетпей.
+5
Sarinakg
2018-08-28 20:15:04
Азаматсың
+3
Sarinakg
2018-08-28 20:15:18
Азаматсың
+3
nelya88
2018-08-28 22:37:29
Сонун-сонун!!! Азаматсын,Даша!!!
+3
Baian
2018-08-29 00:56:05
Суйунгонумдон ыйлап жибердим.Желегибизди жамынып жатканын коруп журогум жарылып кете жаздады.Кандай гана керемет биздин данкыбыз болуп сыйыбызга татып журо бер алтын кыз.Сенин ийгилигини озум жараткандай чексиз кубануудамын.Сыймыгыбыз бар бол,коптогон ийгиликтерди жарата бер!)
+7
fanatka19
2018-08-29 09:21:44
Молодец ураа ураа кубанычтамын .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан