Бүгүн, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстан менен Красноярск курамалары көк бөрү боюнча беттеш өткөрмөк. Бирок белгиленген убакытка Казакстан командасы оюнга келбей калган.
Учурда бул маселени комиссия карап жатканын Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов SUPER.KG'ге айтып берди.
"Азыр мандаттык комиссия маселени карап жатат. Маселе толук чечиле электе бир нерсе деп айтуу кыйын. Комиссия акыркы чечимди чыгарганда толук маалымат беребиз", - деп түшүндүрдү Саматов.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мындай учурда келбей калган команда жеңилди деп санала турганын билдирген.
2-сентябрь күнү чүчү кулак тартышууда 12 команда 4 тайпага бөлүнүп ойномокчу болушкан. Чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Кыргыз, Алтай жана Монголия курамалары, "Б" тайпасына Москва, Кытай жана Ооганстан, "С" тайпасына АКШ, Казакстан, Красноярск, "Д" тайпасына Башкортостан, Франция жана Өзбекстан курамасы кирген.
Бүгүн кытайлык команда мандаттык комиссиядан өтпөй калып, жыйынтыгында мелдеште жалпы 11 команда калган. Ал эми Кыргыз курама командасы өзүнүн алгачкы беттешинде Монголиядан келген команданы 29:5 эсебинде утуп алган. Орусиянын Москва облусунан келген көк бөрүчүлөрү Ооганстандын курамасын жеңип, жарым финалга чыкса, Өзбекстандын командасы Башкортостан курамасын 20:1 эсебинде утуп алган.