Зордуктоодон качам деп терезеден секирип кеткен кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте зордуктоодон качам деп терезеден секирип кеткен 19 жаштагы кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы 11-сентябрда кабарлады. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

"Үч-төрт күн мурун фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө улантылууда", - деп билдиришти ШИИББден.

Ушул жылдын 3-августунда 19 жаштагы кыз У.Э. аттуу адамдын үстүнөн милицияга арыз жазган. Жазган арызында ал адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип кеткенин билдирген. Терезеден секирген учурда омурткасы сынып, ооруканага жаткырылган.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазып чыгышкан. Бирок Улан Эралиев айтылган маалыматты төгүнгө чыгарган.

Зордуктоодон качам деп мейманканадан секирип кеткен кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Rifle_I
2018-09-11 20:54:46
Логика кайда ?
Кафеде таанышып, анан мейманканага барганда эмнени максат кылып барды ?
Кыздарыбыз акылы азайып калдыбы ?
Мейманканага барганда розеткага вилка саят деп ойлоп бардыбы ?
+12
Nuri1988Elim2010
2018-09-11 22:18:54
Мейманканага не барат анда озу.Бул жерде башка нерсе болгон ортолорунда.
Алданып баргыдай биринчи класстын окуучусу эмесго
+1
take1984
2018-09-11 23:33:23
Айтыш кыйын көрбөгөндөн кийин
+2
Taku.14.02
2018-09-12 03:23:15
кафеден танышып мейманканага.. албарсты мени басты анан мен аны бастымго бул жагы
+6
aidai89
2018-09-12 07:39:03
кулкумуштуу!!! кафеден таанышып,мейманканага барып, кайра терезеден секиргени эмнеси?
+2
Kroxa
2018-09-12 08:17:06
Мейманканага кыйнап алып баргандыр же алдап алып баргандыр...
-2
CEO1
2018-09-12 08:20:46
Kroxa, анда кафеге да зордоп алып барган чыгаар?...)))
+2
Kymbatym
2018-09-12 08:56:48
кафеге мейли бирге отурушуптур мейманканага неге бирге барат өзү макул болуп барган анан айткан акчасын бербейм десе качкан кыздын өзүндө күнөө кайсы мээси менен мейманканага ээрчип барат кайра арыз жазганын уялбай
+2
asdef
2018-09-12 09:54:26
тооба
0
Pandora
2018-09-12 11:17:04
Озундо куноо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан