Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурдагы ээсинин жазган арызы боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады

Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурдагы ээси Александр Кимдин жазган арызы боюнча жаңы кылмыш иши козголгонун SUPER.KG'ге тастыктады. Мекеменин басма сөз катысы Наргиза Куватованын айтымында, кылмыш иш "Вечерний Бишкек" басылмасындагы рейдерлик басып алууга карата эмес, Бишкектин Биринчи Май району боюнча сот аткаруучуларга карата козголгон.

"Кылмыш иши факты боюнча козголгон. Тактап айтканда, Бишкектин Биринчи Май району боюнча сот аткаруучуларынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө иши Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында юридикалык баа берилет", - деди Куватова.

Александр Ким буга чейин Бишкек шаардык сотуна да арыз менен кайрылып, ишти кайра карап чыгууну өтүнгөн. Шаардык сот анын арызын карап, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра кароону Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. Соттук отурум 14-сентябрда өтөт.

“Адилет” укуктук клиникасы буга чейин Кимдин жазган арызы боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде басылманын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлктөрү камакка алынганын кабарлаган.

Александр Рябушкин Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деген негизде анын үстүнөн сотко арыз жазып, 27 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Ишти караган Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2018-жылдын 20-февралында Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратып, доогер Александр Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом өндүрүп берүүнү чечкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2018-09-12 17:33:11
Вечерний Бишкекти футбол кылат арбир келген бийлик, ортодо подача болуп нары бери журо берет
-1
Natun
2018-09-12 18:47:25
taalay25, Сен бул гезитти али колуңа да алып көрөэлек болсоң керек, анан билерман болуп пикир жазбачы. Бул гезитти Атамбаев менен Фарид Ниязов рейдерлик жол менен тартып алган
0
Erik2018
2018-09-12 18:50:36
Атамбаев Вечерканы тартып алган. Анткени пайдадан мурун саясий кызыкчылыкты жогору койду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан