"Вечерний Бишкек" басылмасынын азыркы ээсинин мүлктөрү камакка алынды

Александр Рябушкин"Вечерний Бишкек" басылмасынын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге “Адилет” укуктук клиникасынынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова кабарлады. Анын айтымында, аталган басмакананын мурдагы ээси Александр Кимдин жазган арызы боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде Рябушкиндин мүлктөрү камакка алынган.

"Башкы прокуратура тарабынан Александр Кимдин жазган арызына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 304(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Рябушкиндин мүлктөрү өткөн жума камакка алынып, учурда тергөө иштери ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жатат", - деди Жакупова.

Ал эми укук коргоо органдары айтылган маалымат боюнча азырынча расмий жооп бере элек.

Александр Ким буга чейин Бишкек шаардык сотуна да арыз менен кайрылып, ишти кайра карап чыгууну өтүнгөн. Шаардык сот анын арызын карап, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра кароону Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. Соттук отурум 14-сентябрда өтөт.

Александр Кимге Александр Рябушкиндин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Рябушкин Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деген негизде андан 27 миллион сом талап кылган.

Ишти караган Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2018-жылдын 20-февралында Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыраткан. 6 жылдык жаза мөөнөттүн 2 жылын сыноо мөөнөтү катары өтөмөк. Ошондой эле судья Санжар Чотонов айыпталуучунун ден соолугун, анын мүнөзүн жана сыйлыктарын эске алып, доогер Александр Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом өндүрүп берүүнү чечкен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazake
2018-09-12 08:27:54
Фарит Ниязовдун үстүнөн кылмыш иши козголушу керек болчу. Рейдерликтин башында ошол турган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан