Бүгүн Жогорку Сотто экс-мэр Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Сотто Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан чечим кабыл алган. Бишкек шаардык сот 17-сентябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Erik2018
2018-10-01 10:35:12
Албек Ибраимов 33 гектар жерди ээлеп алса, көчөттөрду тогуз миңден сатса, "Дастанды" жалмаса, дагы ачыкка чыга элек аэропортту каалагандай калчаган былыктары үчүн керт башы менен жооп берсин. Деги бизде таза жетекчилер бар болду бекен.
0
Bazake
2018-10-01 10:35:16
Албек Ибраимов эч качан эркиндикке чыкпашы керек. Жооп берсин
0
talaa11
2018-10-01 12:07:00
Эмнеле кайра,кайра сотко алыпкелип атасынар куйрука окшотуп, сразу 20-жылга шартту кескиле наары Бут былыктары анык далил болуп туратго бул жемкордун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан