Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.
Маалыматка караганда, алгачкы сот отуруму 15-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда болуп өтөт. Ибраимовго "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча айып тагылган.
Окуянын чоо жайы:
28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.