Бүгүн шаардык сотто Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 12-сентябрь саат 09:30да Бишкек шаардык соту борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу маселесин карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

27-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ибраимовду 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bazake
2018-09-12 08:20:35
200 гектарды ээлеп, 2010-жылдан кийин 200дөй кыймылсыз мүлккө ээ болгон мындай паракорлор өмүр бою камакта калышы керек. Жазасын өтөп, уурдагандарын куссун
+2
bekmirzach
2018-09-12 10:30:18
Эмир Чукуев менен Албек Ибраимов экөө самолетторго май куюудан түшкөн акчага дагы маарып келишет. Аэропортто иштеген жөнөкөй кызматкерлердин айтымында, Эмил Чукуевдин келиши менен зарыл милдеттердин бири болгон самолетторду учуп-коно турган функцияны жасай алган жок, болгону “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принцип менен майда-чүйдө иштерди кылып жүрдү.
0
Baatirbek81
2018-09-12 09:23:27
Болгон тууган,туушкандарынын үй мүлкүн текшерип өзүн 35жылга эле кескиле!башка жеп жутарларга сабак калтыргыдай кылып.
+1
urmat-77
2018-09-12 09:54:11
Эмне эле бийлик бул крокодилди эркелетип жатат.Ачык эле көрүнүп турбайбы кайран карапайым элдин канын соргону.Башка өлкө болгондо качан эле жалгыз олтурчу түрмөдө олтургузмак.Же соодалашып жатышат.
0
admin_superstan
2018-09-12 11:02:46
Mamiev,
1. Улуттар аралык түшүнбөстүк жаратып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. БАНга!

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан