Албек Ибраимовдун үзөңгүлөшү болгон "Дастан" ишканасынын жетекчиси Юрий Васильев камакка алынды

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Юрий Васильев "Күнөстүү жээк" пансионатынын акцияларынын 100 пайызы төмөндөтүлгөн баада сатылганына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалган.

"Дастан" ААКсы Ысык-Көлдүн жээгиндеги 11,7 гектар жер тилкесинде жайгашкан пансионаттын акцияларынын 100 пайызына ээ болчу. Эс алуучу жайдын жетекчилиги пансионаттын оңдоосу үчүн ачык акционердик коомго 24 миллион 504 миң 923 сом карыз болуп калган.
2013-жылдын 15-февралында Юрий Васильев Э.А. аттуу жаранга пансионатты 47 миллион 750 миң сомго төмөндөтүлгөн баада саткан. Ошондой эле, Юрий Васильев жогорудагы 24 миллион сомдон ашуун карыздан да баш тарткан.
Эсептөө палатасы бул келишимдин натыйжасында "Дастан" ААКсынын жоготуусу 128 миллион 379 миң 500 сомду түзгөнүн, андан тышкары пансионаттын карызы болгон компаниянын ишенип берилген активи 24 миллион 504 миң 923 сом сарп кылынганын билдирген",
- деп жазылат маалыматта.

Юрий Васильев УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча ага кылмыш иши козголгон.

Маалымат үчүн: 2011-2012-жылдары - Албек Ибраимов "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп турган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ady-88
2018-07-12 18:49:47
Албек мырза эмнеге качты десе озуно байланыштуу адамдарды камап баштаган экенда укмка.
+1
altyn7776
2018-07-12 18:51:13
Бу АША озу эмне кылып жургон иштебей...эл ХХХХХХ айтканынча эле бар экен да, тооба.
+10
shergazy9
2018-07-12 19:00:44
Скоро кыргызстанда адам калбай калатго
Ар ким озунун уйун турмо кылып алат окшойт
-3
Rystambekkg
2018-07-12 19:54:14
shergazy9, Коррупцияга тийешеси бар
Болсо камаш керек.Кыргызда жакшы макал бар шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт,
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-07-12 19:09:37
Оруско Жакында турмөнү бут эле чиновниктер басып калат окшойт!Буларды боштондукта бакканыбыз аз келгенсип эми турмөдө да багат экенбизда! Буларды ХХХХХХ ХХХХХХХХ! Албек убагында качыптыр же өздөру калп эле билмексен болуп качырышты Ашаны да айтып салбасын дешип ал эми кайтып келбесе керек! Эх Аша алты жыл кылып журупсуң каша!Өзунор кылган кашаңарды өзуңор жегиле! Буларды камап эле тим болбой уурдагандарды кустуруш керек карызды төлөштуш керек!
+4
Muratmipa
2018-07-13 09:20:22
Azatbek.Svoboda.,камаганда тольк жок кустуруш керек ошол эн чон жетишкендик болот
0
bekmirzach
2018-07-12 19:13:38
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупциялык көрүнүштөрдөн кийин кыргызстандыктар акыркы алты жыл аралыгында жасалган жана жасалып аткан долбоорлордон да шектенип калышканын жашырууга болбойт. Мындай шектенүү бекеринен жаралып жатпаганы да белгилүү болуп турат. Себеби, ТЭЦтен кийин эле Тарых музейиндеги коррупция оркоюп чыга калды. Эми болсо, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунан да коррупция жыттана баштады. Кайрадан эле андан экс-чиновниктердин, тактап айтсак экс-президент жан
-1
Azatbek.Svoboda.
2018-07-12 19:26:23
bekmirzach,Ашаны камап сурак берсе ошол баарын төкпөй чачпай айтып бермек.Өзу айтмакчы ууралынын баарын өзу менен кошо алып кирип кетмек!
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-07-12 20:44:20
Чиновник депутаттардын баарын ХХХХХХХ анан ошолордун ХХХХХХХХХХХ ошондо тазаланат Кыргызстан деген экен бироо.
+4
bekmaral
2018-07-12 23:48:06
Толосун жегенин оруссунбу кыргызсынбы кимсин айырма жок 25 жыл мамлекеттин канын митедей соруп карапайым элди жудотушту.Байыдынбы эми мамлекетти байыт акыйкаттуулук болуш кк да.
0
nazarKGZ
2018-07-13 07:51:21
спектакил баары эмнеге Алынбектин озун кармавайт башында Адахан айткан тура экен
0
Freemankg
2018-07-13 08:35:19
Таза иштеген адам болгон эмес окшойт, баары эле жегич.
0
bond02
2018-07-13 09:38:33
Бир уй, бир машинасын калтырып туруп калганын баарын мамлекетке откоруш керек.
0
uli1234
2018-07-13 11:25:30
Алмаз миллионер коррупциияга малынып калган экенсинда. Ашаны камаш керек бринчи
0
bekmirzach
2018-07-13 12:47:29
Атамбаевдин дагы бир куйругу кармалган экен. Албек Ибраимов баш болуп Юрия Васильев төш болуп Дастан иш канасын өздөрү билгендей каалашынча тоноп бүтүрүшкөн. Элдин мүлкүнө колсалган акмактар сот жообуна таратылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан