Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
"Албек Ибраимов "ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде суракка чакырылды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Тергөө аяктаган соң кетет",- деди Рахат Сулайманов.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.