Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.
Жарыш сөз Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеевдин жактоочусу Элдар Буларкиевге берилди. Анда ал мамлекеттик айыпкердин 5 жыл сураганын туура эмес деп эсептейт.
"Бул окуя жаңы кодекс менен каралышы керек. Жаңы мыйзамда "шалаакылык" үчүн 2 жыл 6 ай гана убакыт берилген. Муну эске алышыбыз керек. Окуя 2018-жылы болду. Бирок азыр 2018-жылы катталган иштерди деле жаңы мыйзамдын негизинде карап жатышат. Макеев болгону 24 гана жашта. Ал жумушка киргенине жарым жыл эле болгон, мурда соттолгон эмес. Андыктан Макеевди актап берүүңүздү суранам", - деди Буларкиев.
Судья айыпталып жаткан жарандарга сөз берди. Анда Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев бул тармакта 25 жылдан бери иштегенин окуя катталган соң кызматтан биротоло бошотулганы жетиштүү эле жаза болгонун айтат. Ал эми "шалаакылык" беренеси боюнча соттолуп жатканы бул ашыкча деп эсептейт. Андыктан судьядан бул ишти объективдүү карап берүүнү өтүндү.
Калган айыпталып жаткан кызматкерлер да өз сөзүндө жактоочулары айткан сөзгө кошуларын айтышып Турдали Кожоналиевден бул окуя үчүн кечирим сурашты.
Аягында репликага чыккан мамлекеттик айыптоочу бул кызматкерлер ошол күнү Жайыл РИИБинде нөөмөттө турганын эске алуу керектигин айтат.
"Урматтуу судья, буларга ошол күнү таң атканча РИИБдеги бардык адамдарды кабыл алып, өз милдеттерин так аткаруу боюнча буюртма берилген. Алар күнү бою нөөмөттө турушкан, бирок ушундай чоң катачылык кетти", - деди ал.
Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары бул сөзгө күлүп жиберишкенинен улам "жактоочулар, күлгөндү токтотобуз, биринчи ишти жакшылап карап чыккыла. Андан кийин мен силерге күлөм" деди прокурор Шыгаев.
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев.