Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын атасы өлкө башчысына кайрылуу жасады

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын атасы кызынын өлүмү боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кат түрүндө кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта маркумдун атасы Турдали Кожоналиев SUPER.KG порталына билдирди.

Президентке жазган кайрылуу катында ал кызынын өлүмү боюнча окуянын калыс тергелишин өтүнүп, өлкө башчысынын жеке кабыл алуусун суранган.

"Мурда дагы соттук териштирүүлөр адилеттүүлүк менен жүргүзүлсө деп кайрылуу жасадым эле. Жооп келбегендиктен экинчи ирет кайрылууга аргасыз болуп отурам. Анткени окуяны Бишкек шаардык соту тергесин деген өтүнүчүм четте калып, ишти Жайыл райондук сотуна өткөрүп берип коюшту. Кызымдын өлүмүнө шарт түзгөн милиция кызматкерлери дагы деле эркиндикте жүрүшөт. Ошондуктан өлкө башчыбыздын жеке өзүнө маселемди айтсам дедим эле", - деди Кожоналиев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марсбек Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марсбекке эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы: "Кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин башчысы болуп турган Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон" деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asdef
2018-08-17 13:00:35
Безтолк
+1
Muslim_KGstana.
2018-08-17 13:24:13
Соц.сеттерден болушуп элге жарыя кылуу керек,ошондо чондорго жетуусуно дагы бир жол ачылат.
+3
monster_high_98
2018-08-17 14:49:50
Адилеттик болбой, жакынынан айрылгандар кан ыйлап кала берет,ушуга кош конул болгондор озунордун башынарга тушкондо кеч болот да!Куноонорду жууганга
+1
aigulu
2018-08-17 19:06:12
Марс тируубу?
0
Erik2018
2018-08-17 19:55:25
Эми бул иш дыкат иликтенип чыкса жакшы болмок. Менимче кимдин күнөөсү бар болсо ошолор тезинен жоопко тартылсын.
0
tnt_ostrof
2018-08-17 23:17:36
Марстан эле интервью алгыла. Билсе керек эмне болгонун кандай болгон кундо да.
0
amirrus
2018-08-17 23:25:29
Менимче баланы эле жакшы допрос кылса айтат баарын,акыры бул ишке чекит коюш керек да элдин баарын дурботбой.Куноокор отурат соттогула же актагыла да милицияларды камагыла куноосун болсо моюнуна коюп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан