Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум: Тергөөчү күбө катары суралды

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто күбө катары Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Эржан Кадышев суралып баштады.

"27-майдан 28ине караган түнү саат 12ден өткөндөн кийин нөөмөт бөлүмүнө чакырышты. Мен келсем Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер адамдары кармап келгенин айтышты. Мен алардан түшүндүрмө алуу үчүн тиешелүү документтерди алып келгени башка бөлмөгө кетип, кайра келсем эле ызы-чуу болуп калышкан экен. Мага бычакташуу окуясы болгонун айтышты. Андан соң аларды "Тез жардам" кызматы алып кетти".

Жайыл РИИБинин тергөөчүсүнүн айтымында, аны кылмыштуу окуядан соң, тактап айтканда, кабыл алуу бөлмөсүнүн эшигин талкалап киришкенден кийин чакырышкан. Эржан Кадышев ошол күнү нөөмөттөгү тергөөчү болгонун айтты.

"Мен келгенге кабыл алуу бөлмөсүндө баары ызы-чуу болуп калган экен. Ал учурда кызды ооруканага алып кетишиптир. Ал эми Марс Бөдөшов жерде жатыптыр, аны биздин бир кызматкер башынан таяп турган экен", - деди күбө.

Айыпталуучунун жактоочусу Кадышевге "кызды, анан өзүн бычактаганга айыпталуучу бычакты кайдан алганына кызыктыңызбы? Балким, башка предмет менен сайгандыр" деди.

Күбө Кадышев: "Кызыкканбыз, бычак менен бычакталган. Эртеси башка кызматкерлер келип бычакты кайдан алганын, кай жерде бычактоо болгонун иликтешти", - деп жооп берди.

Ал эми айыпталуучу Бөдөшовдун жактоочусунун "Жайыл РИИБиндеги бөлмөлөрдө бычак болушу мүмкүнбү?" деген суроосуна ал "биздин кабинеттерде андай болушу мүмкүн эмес" деп жооп берди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан